• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Каракол шаардык кеңештин депутатынын иши боюнча жаңы жагдайлар ачылды

23 Чын куран 2022 9:35 Бишкек Govori.TV

Каракол шаардык кеңештин депутатынын иши боюнча жаңы жагдайлар ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Каракол ШИИБдин тергөө кызматынын маалыматы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен муда шектүү катары кармалган Каракол шаардык кеңешинин депутаты К.Мдин кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө жаңы жагдайлар аныкталды.

«Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, М.К. менен бирге кылмышка кошо катышкан шектүүлөр аныкталып, алар 2000 ж.т. К. А. жана 1996 ж.т. С.Р. аттуу жарандар болуп чыгышты. 21-апрель күнү шектүүлөр камалган. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, кармалгандар өз күнөөлөрүн жарым жартылай мойнуна алышты. Алынган белгисиз маркадагы жана тиешелүү уруксаты жок тапанча боюнча, мурда белгилегендей соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жабырлануучу А.А. өз арызында кошумча катары кылмышка шектүү катары кармалган депутат коомдук жайда тапанча аткандыгы боюнча мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча толук кандуу тергөө амалдары уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 121