• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Караколдо айланма жолдо дрифт жасаган айдоочу кармалды

16 Аяк оона 2020 16:36 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында айдоочу коомдук тартипти бузгандыгы үчүн жоопко тартылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, 15-сентябрда «Субару Форестер» унаасынын айдоочусу жол эрежесин одоно бузуп, Абдрахманов жана Пржевальский көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланма жолдо катуу ылдамдыкта айдап баратканын видеого тартып алышкан. Жолдун бул бөлүгү жаңы гана пайдаланууга берилген.

Бул факт Каракол ШИИБнин КЖБРне каттоого алынып, 16-сентябрда айдоочунун өздүгү аныкталган. Ал 25 жаштагы жаран болгон. Ага карата протокол түзүлүп, 7 500 сом айып пул салынган. Ошондой эле, айдоочуга карата жол чиймелеринин бузулушу боюнча материалдар да түзүлүп, юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 89