Каракол шаарында батирге ууруга кирген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-август күнү милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, түнкү саат 02:00 чамасында белгисиз жарандар батиринен жеке буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
«Жабырлануучуга 30 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектелип Чүй облусунун 35 жаштагы тургуну У.А. жана Жети-Өгүз районунун 16 жаштагы тургуну Н.А. кармалды. Шектүүлөр башка 9 батирге уурулукка киргени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн кошумча тергөө иши жүргүзүлүп жатат.