• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Карантиндик талаптарды сактабаган 98 жаран жоопко тартылды

27 Бугу 202012:19 Бишкек Govori.TV

Карантиндик талаптарды сактабаган 98 жаран жоопко тартылды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

«Карантиндик талаптарды бузган 98 жаранга КРнын Бузуулар, Жоруктар жана Кылмыш кодексине ылайык чара көрүлүүдө. Алардын 44үнө 129 миң сомго айыппул салынган. Калган 54 адамдын иши сот тартибинде каралат», — деп билдирди Каниметов.

Количество просмотров: 56