• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Караоке-бардагы окуя: Аял видеону тараткандардын үстүнөн арыз жазды

1 Аяк оона 2021 19:18 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги караоке-бардан күйөөсү тоголото чапкан аял окуянын видеосун тараткан көңүл ачуучу жайдын кызматкерлерине каршы арыз жазды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, видео интернетке жарыялангандан бери Д.А. аттуу аялдын жолдошу үйүнө бара элек. Аялга күзөт ордери берилген. Д.А. окуянын видеосун тараткан караоке-бардын кызматкерлерине чара көрүүнү суранып арыз жазган.

Буга чейин социалдык тармактарга эркек киши чыканагы менен аял кишини урганы, анын кесепетинен аял киши тепкичтен кулаган видео тараган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 186-беренеси («Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Буга чейин 266-берене («Бейбаштык») боюнча иш козголгон.

Количество просмотров: 275