• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Караоке-клубда адамга ок чыгарган мас милиционер үй камагына чыгарылган

27 Үчтүн айы 2020 10:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте караоке-клубда адамга ок чыгарган мас милиционер үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Буга чейин мас милиционер караоке-барда айтыша кеткен жигиттин башына куралын такап, ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат тарап, окуянын видеосу чыккан.

УКМКнын маалыматына караганда, 2019-жылдын 22-декабрында саат 4:00дө Бишкектин Октябрь райондук Криминалдык милициясынын кызматкерлери Э.Ы., Р.С. менен К.А. атуу жаран Live Bar караоке-клубунун жанынан уруша кетишкен.

«Э.Ы. жанындагы Макаров үлгүсүндөгү кызматтык куралын алып чыгып М.С. аттуу жаранды көздөй аткан», — деп айтылат билдирүүдө.
25-декабрь күнү УКМК КРдин Жазык кодексинин 266-беренесине («Бейбаштык») ылайык, кылмыш ишин козгогон. 2020-жылдын 13-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга үй камагына чыгарган.

Количество просмотров: 42