Бүгүн, 19-декабрда ЖК жыйынында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоору өтпөй калды.
Документке 44 депутат “макул”, алтоо “каршы” болду.
Бул мыйзам долбоору парламенттин 30-октябрдагы отурумунда укугун коргогусу келген жарандарга каршы иштеп калышы ыктымал деген сын-пикирлерден кийин күн тартибинен алынган. Жогорку Кеңешке кайра киргизилип 28-ноябрда биринчи окуудан өткөн. Мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, алардын ишине кийлигишүү жана дискредитациялоо максатында тартылган видеолор үчүн 5000 сом айып пул же 5 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу жазасы каралган.