• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Карашев: Вице-премьерликке финансы тармагын жакшы билген кишинин сунушталышы туура

5 Бирдин айы 2020 19:32 Бишкек Govori.TV

Вице-премьерликке финансы тармагын жакшы билген кишинин сунушталышы туура. Бул тууралуу ЖК депутаты Аалы Карашев билдирди.

“Мен буга чейин КРдин укук коргоо органдарын же болбосо күч органдарын тейлеген вице-премьер-министр ЕАЭБди кантип тейлейт. Экономика менен иштейби же чек ара мененби же укук коргоо органдары менени иштейби? Ошондон улам да жыйынтык болбой жатат, көп позицияларыбызды алдырып коюп жатабыз деген ойду аткан элем. Бүгүн өкмөт башчы өзү ошону жар салды. Өкмөттөгү экономика тармагын тейлеген вице-премьер эми ЕАЭБ менен жумуш алып барат. Менин оюмча бул туура чечим болду”, — деди депутат.

Количество просмотров: 46