• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Каратаев: COVID-19 жуктургандардын санынын эң көп көрсөткүчү 13-19-июлга туура келген

18 Баш оона 202016:26 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктургандардын санын каттоого алууда эң көп көрсөткүч 13-19-июлга туура келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал 17-июлда коронавирус жана пневмония менен ооругандар боюнча статистика бириктирилгенден кийин коронавирус менен ооругандын көрсөткүчү көбөйгөнүн атып өттү.

«Оорулуулардын санын каттоого алууда эң көп көрсөткүч 13-19-июлга туура келди. 3-9-августта 3 миң 12 учур катталса, 10-16-августта 1 миң 814 учур катталды», — деди ал.

Ал коронавирус жуктурган адам изоляцияга алынганга чейин канча адамга ооруну жуктурушу мүмкүн деген Россия менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо министрлигинин ыкмасы боюнча жүргүзүлгөн эсептөөлөр тууралуу айтып берди.

«2-июлда ал көрсөткүч 2 кишини түзгөн. Башкача айтканда ал бир адам эки кишиге ооруну жуктура алат дегенди түшүндүрөт. Ал эми 16-августта 0,8% кишини түздү»,- түздү.

Количество просмотров: 99