• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Каргашалуу июнь окуясы эскерилди

10 Кулжа 201918:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

КРдин вице-премьер-министри Замирбек Аскаров 2010-жылдагы июнь окуяларына арналган иш-чараларга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Замирбек Аскаров «Энелердин көз жашы» мемориалына гүл койду. Андан соң митинг-реквием өтүп, анын жүрүшүндө чогулгандар аза күтүү мүнөтү менен ошол кайгылуу күндөрү көз жумгандарды эскеришти.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан июнь окуяларында каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, андан кийин жалпы куран окулду.

Иш-чаранын катышуучулары Ош шаарындагы турак жайынан ажыраган жарандар үчүн курулган үйлөргө барып, маркумдарды эскерип куран окуп кайтышты.

Иш-чарага Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, шаардык кеңештин жетекчилиги, коомдук ишмерлер, каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, түштүк калаанын меймандары жана жашоочулары катышышты.


Количество просмотров: 21