• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Каримов авария ЖЭБдин кайсы бөлүгүндө болгонун айтты

2 Бирдин айы 2024 10:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык борбордун эски бөлүгүндө болгон. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Каримов маалымат жыйында билдирди.

“Авария эски от казандарында болду. Жаңыланган 3-4-от казандар иштеп жатат. Ошол жаңы жабдыктардын күчү менен иш алып барылууда”, — деди ал.

Бишкек ЖЭБде 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 142