Бишкектин Фучик көчөсүндө Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Хонда Степвагон, Мерседес-Бенц Спринтер жана Дэу Матиз унаалары менен кагышкан.
Патрулдук милиция кызматынын маалыматына караганда, кырсык 22-октябрда саат 10:20да болгон.
«Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1971-жылы туулган Ш.К. бир топ жаракаттар менен тез жардам ооруканасына жаткырылды.
Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Унаалар убактылуу токтотуучу жайга коюлуп, тергөө иштери уланууда.