• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

КТРКнын башчысы Карыпбеков: Капаровага соттон утулдум

3 Чын куран 2018 14:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.04.2018.Govori.TV

Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков диктор Чынар Капарова менен болгон соттошуу жана сот чечими тууралуу пикирин фейсбуктагы баракчасына жазды

«Урматтуу достор! Капарова Чынара айымга жеке жаманчылыгым дагы, жакшылыгым дагы жок. КТРК жамааты калп айттырбайт, мен бардык кызматкерлерге бирдей мамиле жасайм. КТРК баш деректирлигине келгениме 3 жылдан ашык убакыт болду. Бул убакыттын ичинде КТРКдан 200-дөн ашык кызматкер ар-кандай себептерден улам кызматынан бошотулган. Алардын ичинен 10-чакты кызматкер менин чечимим менен макул болбостон сотко кайрылып соттошуп жүрүшкөн учуру. Бул мекеме, уюмдарда кадимки эле көрүнүш, себеби ар-бир кызматкер жетекчинин чечими менен макул болбостон сотко кайрылууга укугу бар. Бул сапар сот Капарованын пайдасына чечти. Мен албетте соттун чечимин мыйзамдуу түрдө дагы, жарандык милдетим боюнча дагы сыйлам. Азырынча соттун чечими бизге расмий келе элек, келер замат кынтыксыз толугу менен мыйзам чегинде аткарыларын билдирем. Урматым менен»,-деген Илим Карыпбеков.

Эске салсак, теле алып баруучу, журналист Чынар Капарова  КТРдин директору Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алган. 2016-жылдын 12-августунда КТРдин директору Илим Карыпбеков алып баруучуну “Эфирден Сүйүнбай Эралиевди “Эл баатыры”деп туура эмес наам менен атагандыгы үчүн» деген кине менен кызматынан алган. Бирок, чындыгында Сүйүнбай Эралиев Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2006-жылы эле алган болчу.
Андыктан, алып баруучу бул айтылган сөз улуу инсандын аброюна шек келтирбесин, антсе да бул үчүн эскертүү же сөгүш берүү гана шартка ылайык болоорун айтып, КРнын Эмгек Кодексине таянуу менен И. Карыпбеводу сотко берген. Эки жыл аралыгында иш Жогорку Сотко чейин жетип, кайра шаардык сотко кайтарылып, акыры, 2018-жылдын 26-мартында Жогорку Сот Ч. Капарованын пайдасына чечим чыгарган.
Эми чечим күчүнө кирген күндөн тартып, И. Карыпбеков теле алып баруучуну өзүнүн кызмат ордуна коюп, эки жылдан берки айлык маянасы менен бирге моралдык-материалдык чыгымдарын төлөп берүүгө аргасыз.
Количество просмотров: 43