• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Карындашын коргоп, ок чыгарган окуя боюнча Кулов билдирүү жасады

2 Теке 2022 15:41 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов карындашын коргоп, ок чыгарган окуя боюнча билдирүү таратты.

«Мен дагы агасынын ордунда болгонумда ал нааданды ойлонбостон атып салмакмын. Агасы карындашын коргоп ушундай кадамга барды. Ошондуктан ага карата кылмыш иши токтотулушу керек. Бул башкаларга сабак болсун. Ал эми адамдар жакындарынын намысын, ден соолугун коргогондон коркпошу керек»,-деп жазган Кулов.

Эске салсак, 1-июль күнү саат 7:45те келин өтүп бараткан машинаны тосуп, ага отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автоунаасын жол четине токтотуп аялга асыла баштаган. Ал эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан автоунаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле келинди уруп-согуп, чачынан сүйрөп сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бүгүн баш коргоо чарасы каралат.

Количество просмотров: 41715