• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кулов «Чехияда мейманканасы бар» деген маалыматка жооп берди

22 Бештин айы 202010:10 Бишкек Govori.TV

Кулов «Чехияда мейманканасы бар» деген маалыматка жооп берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

“Мен мындай маалыматка эл ичинде айтылгандай “Болсун” деп жооп берет элем. Ошондой болсо да аны аныктап чыккан каалаган адамга өткөрүп берет элем. Эгер аныктаса. Ал эми эки бөлмөлүү батир Бишкектеги баа менен эле алынган. Ал экинчи жубайыма тиешелүү. Экинчи жубайым бир тууганы менен көп жыл бою бизнес кылып, бир күн да мамлекеттик кызматта иштеген эмес”, — деп жазаган ал.

Буга чейин “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун Чехиянын эң престиждүү Карловы Вары шаарында кымбат баалуу мейманканасы тууралуу маалымат тараган болчу.

 

Количество просмотров: 758