• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тажикстан Жерге-Талдагы кыргыздарды өлкөдөн чыгарып жатабы? ТИМдин жообу

5 Бугу 2021 10:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Тажикстанда убактылуу, же такай жашап жүргөн, кыргыз паспорту бар жарандардын чыгарылып жатканы тууралуу комментарий берди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган маселе ушул жылдын март айынын ортосунан бери Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө. Бул маселе Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Паспорт-миграция кызматы тарабынан Лахш (мурдагы Жерге-Тал) районунда күтүлбөгөн текшерүү иштери жүргүзүлүп башталганы тууралуу алгачкы маалымат келгенде көзөмөлгө алынган.

1-апрелде Москва шаарында өткөн КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолукканда кыргыз тарап аталган маселе боюнча кабатырланып жатканын билдирген.

«Абалды жөнгө салуу максатында биз тараптан Тажикстанга жакын арада консулдук маселелер боюнча Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультация өткөрүү сунушталды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул маселени Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлери дагы талкуулап жатышат.

Количество просмотров: 990