• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Каржы министрлиги 2019-жылдын Жарандык бюджетин иштеп чыкты

9 Тогуздун айы 2018 13:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.10.2018. Govori.TV
Каржы министрлиги 2019-жылдын Жарандык бюджетин иштеп чыкты. Аталган документ келе жаткан жылдын бюджети жана бюджеттик процесси менен жарандарды кеңири тааныштыруу максатын көздөйт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Болжолдоолорго ылайык, 2019-жылы орточо айлык акы 17 миң 440 сомго жетет.
Өтүп бара жаткан 2018-жылы бул көрсөткүч 16 миң 453 сомду түзөт. Ошондой эле 2021-жылы ортчо айлык акы 19 миң 651 сомго жетиши керек. Келерки жылы жашоо минимуму 5 миң 219 болушу күтүлүүдө.
Ал эми ички дүң өндүрүмдүн көлөмү калктын жан башына бөлгөндө 97 миң 700 сомдон тийиши болжолдонулуп, жумушсуздуктун саны 7 пайызга азайтуу пландалган.
Количество просмотров: 13