• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Гүлдестеге 250 000 сом казынанын акчасы сарпталат

5 Жалган куран 2018 8:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 5.03.2018. Govori.TV
Коомдук ишмер Эдил Байсалов кечээ КРнын Каржы министрлиги 8-мартка карата айымдар үчүн бюджеттен 250 миң сом же 3700 АКШ доллары коротоорун фейсбуктагы жазып чыккан. Бул маалымат катуу талкууга алынып, коомчулук ансыз да мамлекеттин бюджети каржалып турган чакта мындай артыкбаш чыгымдар үчүн Өкмөттү “өкүртө” сынга алып жатышкан.
Бирок, бүгүн Govori.TVга Каржы министрлигин басма-сөз кызматы жагдайды төмөнкүчө түшүндүрдү. “250 миң сом бул ушул 2018-жылдагы министрликтин жалпы юбилейлик, майрамдык  иш-чараларына жана конокторду тосуп алуу жөрөлгөлөрүнө арналган гүлдөстелер, белектер үчүн каралган. Министрлик, 8-март майрамында айымдарга куттуктоо каттарын гана белек кылат»,-дейт министрликтин маалымат кызматы.
Эске сала кетсек, Economist.kg сайты министрлик жогорудагы баа менен гүл сатып алуу боюнча түз келишим түзүп жатканын билдирген.
Количество просмотров: 18