• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Касымалиева: Банкка алданган 45 үй бүлөнүн акчасын кайтарып берүү керек

4 Тогуздун айы 201812:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.10.2018.Govori.TV.
Ош облусунда 2016-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын июнь айына чейин коммерциялык банктын сактык кассасынын башчысы жарандарга аманат ачып берүү үчүн алдоо жолу менен 1 млн 289 миң сом алган. Бирок акчаны кассага төлөбөй аны өз муктаждыгына жумшаган.
Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин “алдамчылык” жана “кызматынан кыянат пайдалануу” беренелери менен иш козголгон.

Ал эми бул маселе боюнча эл өкүлү Аида Касымалиева күнөөлү адам сөзсүз мыйзам чегинде жооп берүүсү зарылдыгын жана кардарлардын акчасын кайтарып берүү жолдору каралып жатканын билдирген.

Количество просмотров: 64