• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Каталар көбөйүп баратат достор». Масалиев журналисттин өлкөдөн чыгарылышы боюнча пикирин билдирди

23 Жетинин айы 2022 17:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кенештин депутаты Исхак Масалиев иликтөөчү журналист Болот Темировго карата чыккан шаардык соттун чечими тууралуу пикири менен бөлүштү. Ал соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып,

«Акыркы жылдары бийлик дүйнөгө чачылган кыргыздар жыйнайлы деген аракет кылып жүрсө, сот Болотту айдап жиберди. Паспорт туура эмес экен имиш. Кызык, Болот өзү колу менен паспорт жазыптырбы!?!
Конституция, 66 берене — «Президент Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили болуп саналат.» Тескеринче, соттун чечими чыга электе кылмыш деп баа берип, аталган «кепил» алдын ала өкүмгө багыт көрсөтөт.
Каталар көбөйүп баратат достор, эртең кокуй деп калбайлы…», — деп жазат депутат.

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.

Сот чечими окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча Темировду «Манас» Эл аралык аба майданына алып кетишкен.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 245