• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Катарда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө

24 Үчтүн айы 2024 10:34 Бишкек Govori.TV

Катарда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттын ачылышына эки өлкөнүн маданият министрлери Алтынбек Максутов жана шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Тани күбө болушту.

Кыргызстандан келген маданият өкүлдөрү Доха шаарынын тургундарына жана ал жакта жашап жаткан кыргызстандыктарга маданий программаны «ЭКСПО-2023 Доха» жарманкеси орун алган аймактагы маданий борбордо тартуулашты.

Чыгармачыл топтун курамында А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Кыргыз мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли бар.

Количество просмотров: 68