• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Каза болгон прокурор Мамажакыповдун артында 4 баласы калды

19 Жетинин айы 2018 9:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.11.2018.Govori.TV
Киши колдуу болуп көз жумган Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы 2-январда Оштогу Чоң-Алай районунун Чак айылында төрөлгөн.
Класстык чини – юстициянын I класстагы кеңешчиси (2014-жылдан бери). Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгондугу жана анын денеси Төрт-Күл суу сактагычы тараптан табылганы буга чейин белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, 17-ноябрда жергиликтүү тургунга таандык «Лексус LX-407» унаасынан кандын издери бар экени байкалган. Жыйынтыгында эркек киши белгисиз бирөө тарабынан өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул фактыны тастыктап, прокурордун денесинде күч колдонулган белгилер бар экенин билдирди. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү адам кармалган.
ИИМдин басма сөз кызматы АКИpress агенттигине маалымдагандай, прокурор менен шектүү адамды чогуу көргөн күбөлөр болгон. Бирок унаасы башка жактан табылган.  Ал эми шектүү адам мас абалда болгону аныкталган.
Жеке булактардын маалыматына караганда, прокурорду өлтүрүүгө шектүү делип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалганы буга чейин белгилүү болгон. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кырдаалды аныктоо үчүн 18-ноябрда Баткен облусуна барган.
Маркум Мамажакыповдун артында 4 баласы калды.
Булак: «Турмуш» сайты
Количество просмотров: 15