• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казак бийлиги Астанага миграция агымын токтотууга ниеттенүүдө

28 Баш оона 2023 16:44 Бишкек Govori.TV

Астананын Коомдук кеңеши шаардын 2035-жылга чейинки башкы планынын долбоорун талкуулоодо борбор калаанын калкынын саны жөнүндө маселени көтөрдү. Бул тууралуу «Информбюро» билдирди.

«Коомдук кеңештин мүчөлөрү Башкы планды иштеп чыгуучулардын позициясын колдошот: миграциялык процесстерге байланыштуу калктын санын көбөйтүүгө умтулуунун кереги жок. Казакстандын бардык аймактары тең салмактуу өнүгүүсү керек, бардык жерде татыктуу жашоого жана иштөөгө, билим алууга, сапаттуу медициналык тейлөөгө мүмкүнчүлүктөр болууга тийиш. Борбор калаага жакшы жашоо издеп келүүнү токтотуу үчүн айыл аймактарын, кичи жана орто шаарларды өнүктүрүү зарыл», — деп айтылган Коомдук кеңештин талкуусунда.

Божомолдор боюнча 2030-жылга карата борбор калаанын калкынын саны эки миллионго жетет, ал эми 2035-жылга чейин Астанада 2,3 миллион адам болот. Азыр шаарда 1 миллион 300 миңден ашуун киши жашайт.

Талкуунун жыйынтыгында Коомдук кеңеш айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен шаардын 2035-жылга чейинки башкы планынын долбоорун бекитүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 72