• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон УКТ мүчөсү кармалды

8 Бештин айы 2022 12:16 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк регион боюнча башкармалыгынын  кызматкерлери “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-ноябрына караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде бир нече адам эки жигитти бычак менен коркутуп, сабап, кылмыш болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон 41 жаштагы жаран өзүнүн шериги 37 жаштагы Б.С. менен Ош шаарынын аймагынан кармалышты.

Кармалган жарандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 315