• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Казак президентинин инаугурациясы 12-июнда болот

11 Кулжа 20199:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялап үлгүрсө, президенттин инаугурациясы 12-июнда болот. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.

Касым-Жомарт Токаев ант берүү аземин шашылыш өткөрүү себептерин жакында боло турган сапарлары менен түшүндүрдү. Ал 14-июнда Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат.

Казак президенти «14-июнда Бишкекке, андан кийин Душанбеге барам. Мүмкүн болсо бул самиттерге Казакстан президенти толук ыйгарым укуктары менен катышса жакшы болот», – деди.

Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын 10-июнда жарыялаган. Касым-Жомарт Токаев 70,76 пайыз добуш менен алдыга чыккан.

Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алтынчы жолу президенттик шайлоо өттү. Дээрлик отуз жыл бою өлкөнү Нурсултан Назарбаев башкарган.


Количество просмотров: 14