• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакбаев: Өкмөткө ишенбей, калк өз ишин жасаш керек

8 Бугу 2020 16:26 Бишкек Govori.TV

Азыр өкмөткө ишенип отуруунун кереги жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев бүгүн, 8-майда Govori.TVга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өкмөттө ахыбал кыйын.

«Бүгүнкү күндө өкмөткө ишенип отуруунун кереги жок. Биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугу эмеспи. Андыктан айылдагы дыйкандардын жазгы талаа иштерин тез арада аякташына болгон жардамыбызды беришибиз кажет. Пандемия канча убакытка созулат? Мунун артынан экономикалык кризис эмнени алып келет? Илдеттин кайра кайталанып кетпешине ким кепилдик бере алат? Албетте, бул коркуткандык эмес жалпы дүйнөлүк эксперттердин кулак-кагыш кылып айтып жатканы баарыбызга маалым. Бирок ошого карабай, иштеп, өнүгүп алдыга умтулуу зарыл»,-деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 3470