• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Казакстан Кыргызстанга карата эт азыктарына киргизген чектөөсүн алды

19 Тогуздун айы 2018 14:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV
Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргыз өлкөсүнөн чыгарылган эт азыктарына карата убактылуу киргизген чектөөсүн алды. Бул тууралуу бүгүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Казакстан Кыргыстанга эпизоотикалык абал туруксуз деген шек менен өлкөдө өндүрүлгөн 5 ишкананын азыктарына чектөө киргизген.
«Биздин өлкөдө мындай маалымат чыккан эмес, чындыгында жаныбарлар арасында оору жайылып жатат деген шектенүүгө негиз жок болчу. Буга карабай Казакстан 12-октябрда эт азыктарына убактылуу чектөө киргизген эле. Биз өлкөдө эпизоотикалык абал туруктуу экенин далилдеген документтерди жөнөткөндөн кийин 18-октябрда алар чектөөнү алышты», — деп жазылатмаалыматта.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз өлкөсү «Алматы облусундагы канаттуулар фабрикасында куш тумоосу жайыла баштады» деген шек саноодон улам 8-октябрда Казакстандан тоок эттерин ташууга чектөө киргизген. Казакстан аталган аймакта абал туруктуу экенин далилдегенден кийин Кыргыз тарап убактылуу киргизген чектөөнү алган.

 

Количество просмотров: 35