• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстанда аккредитация албаган ЖМКлардын ишине тыюу салуу сунушталууда

29 Үчтүн айы 2024 9:15 Бишкек Govori.TV

Казакстан өкмөтүнүн масс-медиа жөнүндө жаңы мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарын жана алардын журналисттерин аккредитациялоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Депутаттар сунуштаган өзгөртүүлөр Тышкы иштер министрлигине «Казакстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда» чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен журналисттерине аккредитация бербөө укугун берет.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр чет элдик маалымат каражаттарына жана чет элдик журналисттерге аккредитациясы жок журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салууну да карайт.

Мындан тышкары чет элдик маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн соттун чечимисиз токтотуу учурун киргизүү сунушталууда.

«Колдонуудагы мыйзамдардын нормалары бузулган учурда чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн токтотуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги аныктаган тартипте жүргүзүлөт», — деп түшүндүрүлгөн долбоордо.

25-январда жумушчу топтун мүчөлөрү тиешелүү өзгөртүүлөрдү көпчүлүк добуш менен колдоп беришти.

Количество просмотров: 45