• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Казакстанда чоң кишилердин арасында да кызамык жуктургандар көбөйүүдө

23 Бирдин айы 2024 17:45 Бишкек Govori.TV

Казакстанда чоң кишилердин арасында да кызамык жуктурган учурлар көбөйө баштады. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын бир жарым айында 532 чоң кишиге кызамык жукканы ырасталса, дагы 1 890 адамга болжолдуу кызамык диагнозу коюлган.

Акыркы алты жуманын ичинде Астана шаарында 14 жашка чыга элек 381 балага кызамык жуккан. Дарыгерлер Алматыдагы эпидемиологиялык абалды «туруксуз» деп атап жатышат.

Казакстанда кызамык оорусун жуктургандар 2023-жылдын аягында көбөйө баштаган. Өлкөдө кызамыктан эки ымыркай чарчап калган. Саламаттык сактоо министрлиги экөө тең эмдетүү курагына – 1 жашка чыга электигин билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып, Казакстандагы кызамыктын күчөшүн вакцинадан баш тарткандардын көбөйүшү менен байланыштырган.

Өлкөдө кызамыкка каршы жапырт эмдөө өнөктүгү өткөн жылдын ноябрь айында башталган. Анда өлкөнүн саламаттык сактоо министри январга карата илдеттин жайылуусун токтотууга мүмкүн болот деген божомолун айткан.

Коомчулукта кайталап эмдөө өнөктүгү сын-пикирлерди жараткан. Абалды Павлодар облусунда балдар жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен вакциналар менен эмделгени аныкталгандыгы тууралуу кабар да күчөтүп жиберген.

Количество просмотров: 154