• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстанда эки темир жол жумушчусу поезд алдында калып каза болду

22 Үчтүн айы 2024 14:55 Бишкек Govori.TV

Казакстанда эки темир жол жумушчусу поезд алдында калып каза болду. Бул тууралуу «Казакстан темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 21-январь күнү эртең менен Жамбыл облусундагы Жидели –Берлик станцияларынын ортосунда катталган. Вагон депосунун эки кызматкери Астанадан Чымкентке бараткан жүргүнчү поезддин алдында калып өлгөн.

«Машинист поездди чукул токтотууга аракет кылган, бирок кырсыкты болтурбай коюуга мүмкүн болгон эмес», – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда кырсыктын чоо-жайын аныктоо үчүн «Казакстан темир жолунун» атайын комиссиясы иш алып барууда. Укук коргоо органдары тергөө иштерин баштады.

Количество просмотров: 251