• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Казакстанда Кентау шаарындагы ЖЭБдин иши калыбына келтирилди

14 Бештин айы 202317:12 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Энергетика министрлиги 13-декабрь күнү кечинде Түркстан облусунун Кентау шаарындагы Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) өчүп калган бардык төрт буу казаны кайра иштей баштаганын билдирди.

«13-декабрь күнү саат 20:16да ЖЭБдеги бардык төрт буу казан тең өчүп калган. Буга анын энергетика системасы менен байланышуучу электр берүү түйүнүндөгү мүчүлүштүк себеп болгон. Саат 20:34тө буу казандардын иши калыбына келтирилген», – деп жазылган министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Мекеме ошондой эле учурда ЖЭБдеги №5, №6, №7 жана №12 буу казандар оңдолуп бүткөнүн, №8, №11 буу казанды оңдоо иштери 58% аяктаганын билдирди. Алгач буу казандарды 20-ноябрга чейин оңдоп бүткөрүү пландалган. Эми бул иштер 20-декабрда аяктайт деп күтүлүүдө.

«№9 жана №10 буу казандардагы оңдоо иштери 50% аяктады. План боюнча 30-ноябрда бүткөрүлүшү керек болчу. Факты жүзүндө аны 2024-жылы 30-мартта аяктайбыз деп күтүлүүдө», – деп жазылган билдирүүдө.

Сууктун түшүшү менен буга чейин Казакстандын бери дегенде эле жети аймагындагы ЖЭБде авариялар болуп, миңдеген адам жылуулуксуз калган. Атырау шаарында бир сутка суу жок болду. Темиртауда суу түтүктөрү тоңуп калып, шаардын бир бөлүгү муздак суусуз калган. Павлодар шаарынын тургундары да суу жок экенине даттанууда.

Өлкөнүн Энергетика министрлиги Экибастуз, Актау, Көкшетау жана Темиртау шаарларынын жылуулук берүү системаларында көйгөйлөр бар экенин ырастап, оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Жергиликтүү тургундар жылуулук берилбей, үйлөрү өтө муздак болуп жатканын билдирүүдө.

Количество просмотров: 91