• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Казакстанда кырылган ак куулардын саны 800дөн ашты

11 Үчтүн айы 20249:16 Бишкек Govori.TV

Маңгыстау облусунда 800дөн ашуун ак куу өлгөндөн кийин Rixos Aktau мейманканасында пландан тышкаркы текшерүү башталды. Бул тууралуу  жергиликтүү басылмалар жазышты.

Каракөл көлүндө өлгөн ак куулардын саны 826га жетти. Көлгө агып кирген суулардан булгоочу заттардын ашыкча көлөмү аныкталган.

Буга байланыштуу экология департаменти Rixos Aktau мейманканасында пландан тышкаркы текшерүү баштады.

Мурдараак жергиликтүү басылмалар Rixos Aktau мейманканасынан кара кочкул суу көлгө агып жатканы жөнүндө видео тараганын жазышкан.

Rixos Aktau мейманканасы түрк ишкери Феттах Таминжеге таандык. “Азаттыктын” казак кызматынын иликтөөсүнө караганда, Феттах Таминже Казакстандагы эң бай чет элдик ишкерлердин бири жана өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен тыгыз байланышта.

Количество просмотров: 370