• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстанда тез жардам кызматынын айдоочусун сабаган кишиге издөө жарыяланды

30 Үчтүн айы 2024 9:03 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Караганды шаарында тез жардам кызматынын айдоочусун сабаган 36 жаштагы Нурболат Дакебаевге издөө жарыялады. Тиешелүү маалымат мекеменин укуктук статистика порталына жарыяланды.

Буга чейин Интернетке Дакебаев тез жардам кызматынын айдоочусу менен көтөрүңкү үн менен сүйлөшүп, андан соң аны бир нече жолу уруп жибергени тартылган видео жарыяланган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, ага айдоочунун автоунааны «туура эмес» токтоткону жакпай калган. Полиция бул окуя «Атайылап денеге залака келтирүү» беренеси боюнча тергелип жатканын билдиришти.

Видео интернетке жарыялангандан кийин соцтүйүн колдонуучулары кол салган адамды таап, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Ажар Гинияттын айтымында, тез жардам кызматынын айдоочусуна түнчүндө кол салуу болгон. Дарыгерлер дене табы жогорулап, кызамыкка шектелип жаткан баланы көрүүгө барышкан.

«Бейтапты ооруканага алып кетүү үчүн тез жардам унаасы үйдүн короосуна токтотулган. Ошол маалда кароодо өтүп бараткан адам айдоочуга кол салган», – деди Гиният.

Айдоочу неврология бөлүмүнө жаткырылып, анын мээси чайкалганы, муруну менен кабыргасы сынганы жана көзүндө гематома бар экени аныкталган. Кийинчерээк айдоочу окуя кандай болгонун айтып берген.

Количество просмотров: 111