• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда улут аралык кастыкты козутууга айыпталган киши 2 айга камалды

25 Тогуздун айы 20239:07 Бишкек Govori.TV

24-октябрда Карагандынын тергөө соту улуттар аралык кастыкты козуткан деп шектелген 32 жаштагы жергиликтүү тургунду эки айга камакка алууга санкция берди.

Шектүүнүн аты-жөнү расмий маалыматтарда айтылган эмес. 14-октябрда Kozachkov offside Телеграм-каналында шектүү мурда коомчулукка белгисиз, Павлодар облусунда туулган Мейирбек Мукин экенин билдирген. Полициянын маалыматы боюнча, кармалган жаран мурда “каракчылык” беренеси менен соттолгон.

Быйыл жайында Казакстандын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, массалык маалымат каражаттары жана телекоммуникация тармактарынан тышкары, интернет-платформаларын колдонуу менен кастыкты козуткандарга жоопкерчилик белгиленген. 10-сентябрдан тарта өзгөртүүлөр күчүнө кирди.

Теги:
Количество просмотров: 89