• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстандагы сел: жоголгон үч киши изделүүдө

29 Жалган куран 2024 9:11 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада сел коркунучу бар аймактардан 1431 адам, анын ичинде 312 бала куткарылылды жана коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-мартта тараткан маалыматка караганда, 297 жеке турак жайды суу каптап, 18 жолдун жээгин суу жууп, анын ичинде эки көпүрө талкаланды.

Республика боюнча нормадан жогорку жаан-чачындын улам Актөбө, Акмола, Костанай, Батыш Казакстан жана Абай облустарында суу ташкындоо коркунучу бар.

Абай облусунун Аягөз районунда сел учурунда дайынсыз жоголгон үч адамды издөө иштери уланууда. Карагаш айылынын тургундары трактор менен Борлы дарыясынан өтүп бара жатып суудан чыга албай калышкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, куткаруучулар ал жерден эч кимди тапкан эмес.

Бул арада 23-марттан бери Аягөз дарыясынан өтүп баратканда аттан кулап, болжол менен сууга чөгүп кеткен 47 жаштагы жаранды издөө иштери да жүрүп жатат.

Издөө иштерине 82 адам, төрт суу каражаты, тогуз техника, төрт дрон, ошондой эле психологиялык кызматтын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылды.

Количество просмотров: 258