Бүгүн, Алматыдагы BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN кайрымдуулук фондунан өлкөнүн түштүгүндөгү селден жабыркаган элге жардам келди. Негизинен жардамдар кайрымдуулук фондуна казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.