• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстандык активист Ильяшевдин доо арызы канааттандырылган жок

15 Аяк оона 2020 19:01 Бишкек Govori.TV

15-сентябрда Алматы шаардык соту “өзгөчө абал маалында жалган кабар тартты” деп айыпталып, үч жылга эркиндиги чектелген жарандык активист Алнур Ильяшевдин доо арызын канааттандырган жок.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, сот Ильяшовдун күнөөсү далилденди деген бүтүмгө келген. Судья Бектемирова: “Ал кездеги коронавируска байланыштуу абалды эске алсак, адамдар дүрбөлөңгө түшүп жаткан маалда бул билдирүү элге терс таасирин тийгизген. Ошондуктан сиздин күнөөңүз бар деген кортундуга келдик. Буга кошумча мындан ары күрөшө берем деген позицияңызды да эске алдык. Сиз Жогорку сотко жана эл аралык уюмдарга кайрылсаңыз, биз таарынбайбыз. Мындан эмне чыгарын көрөбүз” – деди.

43 жаштагы Ильяшев быйыл апрелде камакка алынган. Ал соцтармактарга бийликтеги «Нур Отан» партиясынын коррупциялык иштерин, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдөгү чабалдыгын сындап чыккан эле. Сот анын эркиндигин үч жылга чектеп, 100 саат коомдук жумуштарга кескен. Мындан тышкары беш жылга коомдук жана саясий иштер менен алектенүүсүнө тыюу салган.

Активистке карата чыгарылган өкүмдү АКШнын Мамлекеттик департаменти, Amnesty International (AI) жана Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алышкан. Мамдепартамент казак бийлигин активисттин укуктарын калыбына келтирүүгө чакырса, AI Ильяшев эч кандай кылмыш кылбаганын белгилеген. Мындан тышкары уюм казак бийлигин пандемияны «нааразы болгондордун үнүн басуу үчүн колдонуп жатат» деп айыптаган.

Количество просмотров: 71