• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Кебетеңер жакпайт». Орусияда кыргыз мигранттар сабалды

16 Бештин айы 2019 9:15 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулар ОМОНдун зомбулугуна кабылганына арызданышууда. Бул тууралуу «Азаттык» сайты жазды.

Маалым болгондой, 80ге жакын кыргызстандыкты 12-декабрда күч кызматкерлери автопарктан кармап кетип, 3-4 саат бою ур-токмокко алышкан.

Айдоочулардын бири Жыргалбек күч кызматкерлери мигранттарды ур-токмокко алаардан мурда имараттагы видеокамераларды жаап коюшканын билдирген.

«Камераларды скотч менен чаптап коюшту. Бардыгыбызды ылдый каратып отургузуп алып, сабай башташты. «Кызылдан өтөсүңөр», «акчасы жок жүргүнчүлөрдү түшүрүп саласыңар», «ээн баш болдуңар» деп сабашты. «Кебетеңер жакпайт» деп сөгүштү. 4-5 баланы жаман катуу сабап коюшту. Бир бала тилин чайнап сала жаздады. Кашык менен оозун эптеп ачтык. Таңкы төрттө кое беришти. «Эртең кадимкидей ишке чыккыла» деп кое беришти. Кээ бир балдардын документтерин, телефондорун кайтарышкан жок»,-деп билдирген айдоочулардын бири.

Ал эми Хабаровскидеги Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 13-декабрда расмий 17 жарандан арыз түшкөнүн тастыктаган.

«Мен ИИМ, прокуратура, Федералдык коопсуздук кызматына нота жаздым. Эмки жумада жообу келет. Ким күнөөлүү, кимиси туура экенин териштиребиз. 17 жаран кайрылды. Тез жардамдан алынган медициналык маалымдамаларын беришти. Жаракаттарын көрсөтүштү. Арыздарын жазышты. Мен тиешелүү органдарга нота менен кайрылдым. Балдар ОМОН дешти. Кайсы күч кызматкерлери экени такталат. Жообун бергенде билебиз, такташып, териштиребиз», -деген Кадырбек Мырзабаев.

Белгилей кетсек, «Регнум» агенттиги 13-декабрдын таңында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар каттабай, шаарда маршруттук каттамдар токтоп турганын кабарлаган.

Количество просмотров: 535