Бүгүн, 11:30да Ак-Буура дарыясынан Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпеген жеринде табылган аял кишинин сөөгү такталды.
Такталган маалымат боюнча, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 1980-жылы туулган Н.Д. аттуу «Мөл-Булак» эс алуу борборунан селге агып кеткен кыздардын апасы экени аныкталды. Аталган жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан дарыядан алып чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.