• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

«Кечир уулум». Журналист Капаровдун апасы билдирүү жазды

13 Жалган куран 20249:29 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист, “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровдун апасы Кундузбү Маматова соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды.

«Кечир уулум, кечир, сени бошото албадым!! Сени эки айга дагы кармашты! Эне болбой куруйун! Жаныңда туруп жардамым тийбеди, кечир каралдым! Башкысы аман бол, алтын башың аман болсун, үмүт үзбөйлү! Күтөм жакшы күндү…», — деген ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Актилек Капаровдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Соттун чечими боюнча, ал 13-майга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта болот.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 3193