• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кейт Миддлтон, Борис Жонсон, Жо Байден. Жапаров Глазгодо кимдер менен сүрөткө түштү?

2 Жетинин айы 2021 12:24 Бишкек Govori.TV

Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия Королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Салтанаттуу кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты. Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды. БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.

Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Жапаров салтанатта АКШ президенти Жо Байден, ханзаада Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана башка лидерлер менен жолуккан.

Количество просмотров: 1370