• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

«Кэми» тайфуну Кытайдын түштүк-чыгышындагы Фуцзянь провинциясына жетти

26 Теке 202417:56 Бишкек Govori.TV

Кытайдын түштүк-чыгышындагы Фуцзянь провинциясына «Кэми» деп аталган тайфун жеткени тууралуу маалыматтар тарай баштады. Тайванда ушул эле тайфундан улам үч кишинин өмүрү кыйылып, жүздөн ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган.

Тайфундан улам арал жээгинде бир кеме чөгүп кетти. Кеп Танзаниянын желеги менен бараткан кеме тууралуу болуп жатканын Океан маселелери боюнча кеңеш билдирди. Борттогу Мьянманын тогуз жаранын издөө иштери жүрүп жатат.

Филиппинде ушул эле тайфундун убагында катуу жааган жаандан улам жер көчкү жүрүп, 22 кишинин өмүрүн алды.

Кытайдын «Синьхуа» мамлекеттик агенттиги тайфун жакындаганына байланыштуу 150 миңдей киши коопсуз жактарга көчүрүлгөнүн кабарлады.

Количество просмотров: 217