• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кемпир-Абад боюнча элдин нааразычылыгын чагылдырган түз эфирлер белгисиз жагдайда өчүрүлдү

4 Тогуздун айы 2022 16:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун Өзгөндө эл менен жолугушуусу учурундагы түз эфирлер социалдык тармактардан өчүрүлдү. Бул тууралуу T-Media менен Kloop басылмалары билдирди.

Маалыматка ылайык, «Т-Медианын» «Фейсбук» баракчасындагы Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча элдин нааразычылыгын чагылдырган түз эфир белгисиз жагдайда өчүрүлдү. Ошол эле убакта түз эфирде жеринен алып берген журналисттин Фейсбук аккаунтуна чабуул жасалган.

«Учурда журналистибиз Фейсбук аккаунтуна кире албай жатат жана 1 саатка жакын видео өчүрүлгөн»,-деп жазды агенттик.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 4-октябрда Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барып, райондук администрациясынын жыйындар залында чогулуш өткөрдү. Жыйынга келген элдин бир тобу кирип, калганы сыртта калган. Президентти башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар Адахан Мадумаров, Улукбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев коштоп барган.

Количество просмотров: 308