• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын камактагы мөөнөтү узарды

19 Кулжа 2023 18:14 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы, активисттердин камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды. Маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Соттун чечимине ылайык, алар 15-августка чейин камакта болот.

Ошол эле учурда жарандык активист Перизат Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын ала соттук угуу 22-23-июнга дайындалганын билдирди. Анын айтымында, отурум жабык өтөт.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган. 

Бүгүнкү күндө кармалган 27 кишинин 16сы абакта. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан. Аялдардан укук коргоочу Рита Карасартова камакта калган.

Количество просмотров: 144