• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кемпир-Абад боюнча сот кайра жанданат

20 Баш оона 202414:52 Бишкек Govori.TV


Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 23-августта Бишкек шаардык сотунда уланат. Буга чейинки 6-августтагы сотко Азимбек Бекназаров менен Илгиз Шаменов келбей, сот жылдырылган.

Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы доо арызды прокуратура 12-июлда Бишкек шаардык сотуна берген.

Прокурорлор Медербек Абдышев, Замира Байбагышева айыпталуучуларга карата райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү сураган.

Ушул жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айыпталып жаткан 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Количество просмотров: 147