• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир активист камакка алынды

3 Бирдин айы 2023 16:30 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир жарандык активист Темир Махмудов камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 2-февралындагы токтомуна ылайык, М.Т.Ш.га карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, тактап айтканда 20-февралга чейин тандалды жана ал №1 тергөө абагында болот.

Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер кармалган. Ушул тапта 29 кишинин 26сы тергөө абагында, үчөө ден соолугуна байланыштуу үй камагында жатат. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Количество просмотров: 195