• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму дагы жылды

11 Тогуздун айы 202413:48 Бишкек Govori.TV

11-октябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны башка күнгө жылды. Буга ишти карап жаткан судьялар бошобой калганы негиз болду. Кийинки соттук отурум 18-октябрда болот.

Шаардык соттогу отурумдар 6-августта башталган. Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды прокуратура 12-июлда өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаган.

Быйыл 14-июнда “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган.

Количество просмотров: 177