Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир -Абад иши боюнча соттук отурум уланууда.
Маалым болгондой, бүгүнкү жараянда 11 айыпталуучуга акыркы сөз берилет.
Жактоочулардын айтымында, бүгүн өкүм чыгышы мүмкүн.
Азыркы тапта сот имаратын милиция кызматкерлери курчап турганын көрүүгө болот.


10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Бир тобу үй камагына чыгып, ушул тапта 8 киши тергөө абагында отурат.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр муну четке кагып, саясий куугунтук катары сыпатташууда. Соттук жараяндар жабык өтүүдө.