Бүгүн, 20-октябрда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кырдаалга байланыштуу президент Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрү, жарандык активисттер, чек арадагы аймактан келген жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйынга болжол менен 200гө чукул жаран чакырылган. Алардын арасында эл өкүлдөрү, жарандык активисттер, чек арадагы аймактан келген жергиликтүү тургундар дагы бар. Саат 10:00гө белгиленген жолугушуу дээрлик 4 саатка созулду. Жыйындан чыккандардын пикирин уктук…