• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү абактан депутаттарга кайрылуу жолдошту

16 Жетинин айы 2022 17:36 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү абактан Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасашты. Алардын талабын саясатчы Равшан Жээнбеков кат аркылуу жазган.

«Урматтуу депутаттар, Президент Садыр Жапаров башында турган аткаруу бийлигинин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин токтотуу жана жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү эми силердин гана укугуңар жана милдетиңер. Бул дүйнөдөгү бардык парламенттердин жаратылышы, практика жана мыйзам. Кемпир-Абадды элибизге кудай берген, жаратылыш белек кылган стратегиялык өзгөчө жерибиз жана суубуз. Тарыхтагыдай эле элибиздин менчигинде кана урпактарыбызга дагы, боордош өзбек туугандарыбызга дагы эбегейсиз көп пайда алып келет. Кыргыз жерине, кыргыз суусун сактап, ал сууну боордош элибиздин экономикасынын, айыл чарбасынын, фермерлеринин өнүгүүсү үчүн бекер берүүдөн артык урмат-сый болобу? Кечээ, Өзбекстандын парламенти кыргыз-өзбек чек ара келишимин 3 окууда жактырды. Премьер-министр А. Арипов парламентте сүйлөп атып, өзбек бийлиги стратегиялык утушка ээ болгонун айтты. Кемпир-Абадды Өзбекстандын менчигине алуу албетте-стратегиялык утуш. Урматтуу депутаттар, өзгөчө Өзгөндөн, Кара-Суудан, Оштон жана Жалал-Абаддан шайланган депутаттар, элибиздин — жерибиздин стратегиялык утулушун кантип мыйзамдаштырып бересиңер? Кемпир-Абад эч качан талаштуу болгон эмес!»,-деп жазылат кайрылууда.

Количество просмотров: 117